"Борбордо "Бишкек-сити" деген кичи шаарча салынат". Садыр Жапаровдун жаңы маеги

Кечээ, 10-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин жана Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салган.

Социалдык тармактарда андагы сүрөттөрдө Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын да жүргөнү, анын буга чейинки президенттер менен да байланышы болгондугу айтылып сынга алынган эле. Мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун эки ири инвестициялык долбоор, Хабибулла Абдукадыр тууралуу чакан маегин жарыялады.

Төмөндө толугу менен:

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык.

Хабибулла Абдукадыр аттуу бизнесмен буга чейинки президенттер менен байланышы болгон, эми азыркы президентке да жол тааптыр дегендер чыгууда. Ал сиз капсуласын салган объекттерде инвестор деп да айтылууда. Ушуга комментарий берсеңиз?

— "Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз" деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Баасы 321 миллион долларлык 37 кабаттуу мейманкана башталды. Эң бийик биринчи имарат болот. Эки жылда бүтөбүз дешти. Бүткөндөн кийин стабилдүү түрдө 2100 жумушчу орун болот. Такси кызматы, тейлөө кызматтары иштейт. Кыскасы баш аягы болуп 5 миң жумушчу орун пайда болот. Туристтер келет.

Ошондой эле 20 миң адам бата турган, баасы 51 миллион доллар турган мечит-медресе салып башташты. Бул мечитти "Аллахтан сооп табабыз" деп Кыргызстан мусулмандары үчүн бекер салып беришмей болду. Курулуш бүтөрү менен муфтияттын балансына өтөт. Бул мечит-медресе салынып бүткөндөн кийин дин жолуна түшкөн балдар-кыздарыбызды чет өлкөлөргө чыгарбастан өзүбүздөн, өзүбүздүн саясат менен, өзүбүздүн каада-салтыбыз менен окутабыз. Ошого шарт түзүлүп жатат. Буга чейинки ар кайсы өлкөлөрдөн окуп келишип ар кайсы динди, ар кайсы кийимдерди жайылтып жүргөндөрдү бара-бара бир нукка салабыз деген планыбыз бар.

Мындан сырткары, Бишкектин ичинен жер сатып алышып "Бишкек-сити" деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент-ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым миллиард доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?

Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп баарын чакырам.

Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай көрүп турат баарын.

Дагы бир элдин эсине салып койчу нерсе. Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Мындан ары да - мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллиард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим.

Албетте, коррупцияны жүз пайыз жок кылып салдык дегенден алысмын. Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп жатышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз. Убакыт керек.

Сурообузга жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан