Сузакта мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Экстремист" аталышындагы ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чарасынын алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагынын тургундары 1967-жылы туулган К.С. жана 1964-жылы туулганн Т.Д. “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышып, буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин билдиришти.
Мындан сырткары Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылында жайгашкан “Хадича Бинт Хувайлид” атындагы медресеси эч кандай уруксат кагаздары жок аялдарга жана окуучу кыздарга мыйзамсыз диний сабактарды окутуп жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Сузак айыл аймагынын тургуну 1983-жылы туулган Б.Р. аттуу аялга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде протокол түзүлүп, 5500 сом айып пул салынды.
"Ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү катарында милициянын каттоосунда турган атуулдар менен профилактикалык иштер жүргүзүлүп, алардын ар биринен эмне жумуш менен алектенип жаткандыгы боюнча түшүнүк каттар алынды. Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу максатында район аймагындагы каттоодон өткөн медреселерде, диний окуу борборлорунда, мечиттерде жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
“Экстремист” операциясы учурунда 3 кылмыш ишинин бети ачылганы кошумчаланды.