Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Самарканд шаарындагы Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун мавзолейине барды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү “Хазрати Хизр” комплексинде жайгашкан Ислам Каримовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.
"Андан соң министрлер кабинетинин башчысы “Silk Road Samarkand” туристтик борборунун иши менен таанышты, анда мейманканалардан тышкары, конгресс-холл жана сейил бак, “Түбөлүк шаар” маданий борбору жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: “Түбөлүк шаар” - бул чыныгы байыркы шаарды кайра жараткан этно-маданий борбор, мында келген ар бир адам Өзбекстандын жерлеринин жана элинин тарыхы, каада-салттары менен тааныша алат. Анын жалпы аянты 17 гектар. Борбордун тар көчөлөрүндө сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн, усталардын дүкөндөрү жайгашкан.