Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

"Жашыруун жайда, желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча - 1 даана, (9 мм), граната Ф1 - 1 даана, детонатор капсуласы - 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм калибрлүү ок-дарылар - 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан