Ошто жылуулук берүү качан токтотулары маалым болду

Жекшембиге караган түнү 12-мартта Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. Ошондой эле жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге 2023-2024-жылдарга жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү тапшырмасы берилди.

Синоптиктердин маалыматына караганда, алдыңкы күндөрү орточо суткалык температуранын жогорулашы күтүлөт.
Белгилей кетсек, абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан жогору болгон учурда жылуулук өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан