Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 360 куб метрди түзөт.
Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана бир атайын техника жолду кардан тазалап жатканы кабарланды.