Орусиянын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Орусиянын ФСБсы аркылуу Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөнү кошумчаланды.
Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.