Бишкек шаардык прокуратурасы Биринчи Май РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине карата иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер өз ишинин статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында жарандарды негизсиз жана бир нече жолу иш жүзүндө жасалбаган укук бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартышкан.
"Аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери 2022-жылдын ичинде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси (жөө жүргүнчүнүн жол эрежесин бузуу) менен 3 жаранга карата 12 мыйзамсыз протокол түзгөн.
Көрсөтүлгөн протоколдордун ичинен 1 жаранга укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурда, ал буга чейин каза болгон. Ал эми калган жарандар иш жүзүндө укук бузууларды жасабаган жана алар бул туурасында прокуратурага тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Аталган фактылар боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.