Ден соолук - жашообуздагы эң баалуу ресурс. Андыктан ага жакшы кам көрсөк, биз жакындарыбыз менен бирге боло алабыз. Жумушта жана окууда максаттарга жетип, кыялдарыбызды ишке ашыра алабыз. Ден соолукту сактоонун жолдорунун бири — сапаттуу дары-дармектерди сунуштаган ишенимдүү дарыкананы тандоо. Ал эми сатып алуудан да үнөмдөп калсаңыз, бул андан дагы пайдалуу эмеспи.
Эми MBANK карталарынын ээлери БИМЕД дарыкана тармагынан дарыларды сатып алууда 5 пайызга чейин кешбэк ала алышат. Бул тармактын 39 дарыканасынын каалаганынан товарды сатып алууда же онлайн заказ кылууда сатып алуу баасынын 1 пайыздан 5 пайызга чейин кешбэкти картаңызга кайтарып аласыз.
Бул сунуштан пайдалануу үчүн КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкынан MBANK GOLD, Visa же ЭЛКАРТ картасын ачтырып, MBANK тиркемесинин колдонуучусу болушуңуз керек. Кешбэк алуу үчүн MBANK тиркемесинде лоялдуулук программасын активдештирүүнү унутпаңыз, MBonus сиздин сатып алууларыңызды пайдалуу кылат.
Андан кийин, жөн гана БИМЕД дарыкана тармагында pos-терминал аркылуу карта менен төлөп сатып алууну аткарыңыз. Төлөмдү аткаргандан кийин эки күндүн ичинде кешбэк сиздин картаңызга чегерилет жана колдонууга жеткиликтүү болот.
БИМЕД – Кыргызстандагы дары-дармектердин кеңири спектрин сунуш кылган биринчи жана алдыңкы дарыкана түйүндөрүнүн бири. Компания эң ири чет элдик компаниялардын Кыргыз Республикасындагы расмий дистрибьютору болуп саналат. Дары-дармектерден тышкары, аптека тармагында медициналык жана косметикалык буюмдарды сатып алууга болот.
Эми MBANK менен кызматташуунун аркасында сиз БИМЕД дарыканаларынан товарларды гана сатып албастан, ар дайым кирешеде кала аласыз.
БИМЕД дарыкана тармагында MBANK - Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН карталары менен төлөңүз жана 5 пайызга чейин кешбэк алыңыз. Бул ыңгайлуу, пайдалуу жана коопсуз.
MBANK менен ден соолугуңузга кам көрүңүз.