Төө-Ашууга кар көчкү түшүп, жол жабылды

Төө-Ашууда кар көчкү түшүп жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчкү бүгүн саат 17:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 135-чакырымына түшкөн. Азыркы тапта кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Азыркы таптаТранспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду кардан тазалап жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан