Сокулук районунда каракчылыка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-мартта Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Бишкектин Ленин РИИБине ошол эле күнү саат 16:00 чамасында үйүнүн короосунан М. жана К. аттуу чала тааныш адамдар аны темир менен уруп, күч колдонуп чөнтөгүндөгү 14 500 сом акчасын тартып алышканын билдирип, арыз менен кайрылган.
Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин РИИБине катталып, аймактуулук боюнча кароо үчүн Сокулук РИИБине жиберилген. 10-мартта Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде иш козголгон.
Аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган М.М. жана 1995-жылы туулган К.Т. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.