
Жекшембиде күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, жолдор тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө өрөөнүндө +13…+18,
Талас жергесинде +11…+16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21,
Ысык-Көлдө +12…+17,
Нарын дубанында +4…+9,
Бишкекте +16…+18, градуска жетет.