Израилде соттук реформага нааразы болгон 500 миңге чукул эл митингге чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Андагы маалыматка караганда, 250 миңге жакын адам Тель-Авивдеги демонстрацияга катышып жатканы, ал эми дагы ушунча сандагы эл жалпы Израиль боюнча чыккан. Өкмөт сунуштаган соттук реформаларга каршы митингдердин башталганына 10 апта болду.
Нааразычылык толкунун соттун таасирин азайтууга багытталган мыйзам долбоору жараткан. Жаңы реформага ылайык, Жогорку соттун судьяларын иш жүзүндө парламенттик көпчүлүк аныктап калат. Мындан сырткары сот өкмөттүн чечимдерин жокко чыгаруу укугунан ажырайт.
Митингге чыккандардын пикиринде бул соттордун көз карандылыгын толук жоготууга алып келет. Бул 8 миллиондук калкы бар Израилдин тарыхындагы эң ири нааразычылык акциясы болуп саналат.