11-мартта Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнө жаңы өрт өчүрүүчү техникалар тапшырылды.
Өчгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жакында эле Орусиядан Кыргызстанга келген КамАЗ үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү атайын унааларынан Нарын облусуна 7 техника бөлүнүп, райондук өрт өчүрүү бөлүмчөлөрүнө таратылды.
"Жумгал районуна 2, Кочкор районуна 1, Ат-Башы районуна 2, Ак-Талаа районуна 2 унаа бөлүндү. Облустун өрт өчүрүүчү бөлүмдөрү 95 пайыз жаңы унаалар менен камсыздалды", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары министрликтен берилген 2 JAC, 1 КамАЗ, 1 УАЗ унаалары ӨКМнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырылганы кошумчаланды.