Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын мейкиндигинде интернет колдонуучуларга порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечи депутаттар Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Султанбай Айжигитов, Медер Алиев, Алишер Эрбаев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев жана Нурлан Ражабалиев.
Мыйзам долбоорунун максаты - коомдун моралдык жана адеп-ахлактын баалуулуктарын коргоо, жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштарды, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу болуп саналат.
Долбоордун негиздемесинде, акыркы убакта жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштардын, ошондой эле инсандын руханий-адептик саламаттыгына каршы жасалган кылмыштардын саны кескин өсүп жатканы белгиленет.
"Интернет кылмышкерлерге сексуалдык канааттанууну жана жабырлануучулар менен байланышты жеңилдетүүдө. Интернет порнографияны таратууга негизделген күчтүү индустрияга ээ. Көбүнчө кылмышкерлер өз курмандыктарына түздөн-түз кире алышпайт жана өздөрүндө сексуалдык фантазияларды ойготуу менен өздөрүн канааттандырышат. Бул үчүн адатта порнографиялык чыгармалар жана видеолор колдонулат. Бирок эртеби-кечпи мындай аракеттер кылмыш жасоого алып келет. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздү камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу зарыл", - деп жазылат анда.
Мыйзам долбоорунда "порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент" түшүнүгүнүн аныктамасы сунушталган жана мындай мүнөздөгү контентти тараткан сайт же сайттын баракчасы табылган учурдан тартып 24 сааттын ичинде жабылышы керектиги жазылган.
Эгер контентти бир сутканын ичинде өчүрбөсө, 2 айга бөгөттөлөт. Сайт же баракчасы бөгөттөлгөн мезгилде анын ээси интернет тармагында жаңы сайт ачууга укуксуз. Ошондой эле сайты контентти жок кылган шартта белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин же болбосо соттун чечими боюнча калыбына келтирилет.
Мындан сырткары кайсы бир сайттагы материалдар порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген ар бир адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аны жоюу боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрыла алары кошумчаланган.