Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду.
Ага болжол менен 15 миңден ашуун адам жана 470тен ашык мекеме-уюмдар катышты. Анда 338 көчөт отургузулуп, анын ичинен 220 бадал жана 73 ийне жалбырактуу дарак тигилди. 130,5 куб метр таштанды чыгарылды.