Бишкекте 3 күн бою турак жайларда ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук ишканасы" ААКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-марттан 17-мартка чейин жылуулук тармактарын сыноо максатында жеке сектордогу турак-жайларда ысык суу өчүрүлөт.
Ошондой эле ишкана өчүрүү борборлоштурулган жылуулук менен камсыздалган жеке сектордогу турак жайларга гана таасирин тийгизерин маалымдайт.
Көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүлбөйт.