Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кабарлангандай, 13-мартта саат 03:01де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан