Өлкө аймагында акыркы сутканын ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы 15 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаары 1, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 5 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан алты чыгуу болгон.