Ошто тоноо фактысы менен шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарынын тургуну 26 жаштагы М. уулу Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган.
Анда ушул жылдын 24-январынан 25-январына караган түнү 05:00 чамасында такси кызматы керек деп чакырып, Кара-Суу районунун аймагында бир даректи айтып ошол дарекке жеткенде айдоочунун (жабырлануучунун) денесине жараат келтирип, 10 000 (он миң) сом акчасын жана кышкы курткасын тартып алгандыгын билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү 30 жаштагы Ш. уулу З. Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.
Шектүүгө карата сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 30-апрелге чейин камакка калтырылды.