Бишкектин Ленин райондук соту Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын Жеңил типтеги имараттарды ижарага берүү бөлүмүнүн башчысын күнөөлүү деп тапты. Сот чечимине ылайык, аталган бөлүмдүн башчысы К.Адучиев 4 миллион сом айып пул төлөйт.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 20-сентябрында аталган кызматкерге пара талап кылуу беренеси боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогон болчу. Ал М.Литвинова аттуу жарандан “Пивной Ерж” кафесинин жайкы аянтчасын бузуу иштерин токтотуу үчүн 10 миң сом талап кылган деп айыпталган. Ыкчам чара көрүү учурунда ал иш бөлмөсүнөн аталган суммадагы акча менен кармалган эле.