"Токтогул район электр тармактар" ишканасынын "Кардарларды тейлөө борбору" ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге энергетиктер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Райондо 18 952 абонент бар. Абоненттер эми мурдагыдай болуп ар адисти ар башка кабинеттен издебейт, бардык маселени ушул жерден чече алышат. Оператор, инженер, кассир, юрист, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис жана Токтогул РЭТинин жетекчисинин орун басары иш алып барат.
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү кабыл алууда эми кезекке туруу болбойт. Тейлөө жагы алда канча ыкчам болууга өттү", - деп билдиришти мекемеден.
Маалымат үчүн: Токтогул райондук электр тармактар ишканасында 144 кызматкер эмгектенет, 10 айыл өкмөттү 1 шаарды, тактап айтканда жалпы 18 952 абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат.
Эскерте кетсек, кардарларды тейлөө борборлору, буга чейин Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда ачылган.