Орозо качан башталары белгилүү болду

Кыргызстанда ыйык Орозо айы 23-мартта башталат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 22-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.
Ислам шариятында Орозо айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.
"Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”- деп буйруган (Сахих муслим 1081)", - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.
1. 2023-жылдын 23-март күнү Орозо айынын биринчи күнү болуп бекитилсин.
2. 2023-жылдын 22-мартында өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын.
3. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.
Жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экени эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан