Түркияда зилзаладан жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 103 миллион 92 миң 811 сом 99 тыйын түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги бүгүн, 13-мартта тараткан маалыматта жазылат.
Мындан тышкары эсеп 18 миң 250 рубль жана 65 доллар 67 центке толукталды.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН: 01803199710084
БИК: 135001
ОКПО: 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";