Лос-Анжелесте “Долби” театрында америкалык кинематография искусствосу жана илимдер академиясы мыктыларга “Оскар” сыйлыгын тапшырды. Салтанатты кайрадан куудул Жимми Киммел алып барды.
"Эң мыкты тасма" наамы режиссер Дэниел Шайнерт жана Дэн Кван тарткан "Баары, бардык жерде" тасмасына ыйгарылды.
“Мыкты оригиналдуу сценарий” сыйлыгын кайрадан эле “Баары, бардык жерде” тасмасы утуп алды. Эң мыкты монтаж үчүн статуэтканы Пол Роджерс ошол эле тасмадагы эмгеги үчүн алды. Ал эми сыйлыктын жаратуучулары Дэниел Шейнерт менен Дэн Кван мыкты режиссёрлор деп жарыяланды.
“Эң мыкты актриса” наамын “Баары, бардык жерде” тасмасындагы ролу үчүн актриса Мишель Йе алды.
Ал эми "Эң мыкты актер" сыйлыгын актер Брендан Фрейзер "Кит" тасмасындагы ролу үчүн алды.
"Мыкты даректүү тасма" номинациясында канадалык режиссер Дэниел Роэрдин Алексей Навальныйдын ууланышы, анын дарылануусу жана Орусияга кайтып келиши тууралуу тартылган "Навальный" тасмасы жеңди. Салтанатка саясатчынын жубайы Юлия Навальная, кызы Дарья жана уулу Захар катышты. Сыйлык тапшыруу аземинде тасманын жамааты, ошондой эле тергөөчүлөр Христо Грозев жана Мария Певчих менен бирге “Долби” кинотеатрынын сахнасына чыгышты.
"Эң мыкты анимациялык тасма" номинациясында "Оскар" сыйлыгы “Пиноккио Гильермо дель Торо” тасмасына берилди.
“Экинчи пландагы эң мыкты актриса” наамын “Баары, бардык жерде” тасмасындагы ролу үчүн актриса Жейми Ли Кёртис жеңип алды.
Ал эми “Экинчи пландагы эң мыкты актер” наамы ошол эле тасмада роль жараткан актер Ке Хюи Кванга ыйгарылды.
Оператордук иш үчүн “Оскар” сыйлыгы Ремарктын “Батыш фронтунда өзгөрүүсүз” (На Западном фронте без перемен) аттуу фильмине ыйгарылды. Режиссер Эдвард Бергердин ошол эле картинасы чет тилдеги эң мыкты тасма болуп калды. Мыкты сүрөтчү-коюучу деп Кристиан М. Голдбек (коюучу) жана Эрнестин Хиппер (декоратор) табылды. Эң мыкты оригиналдуу музыка үчүн статуэтка композитор Фолькер Бертельманнга ыйгарылды.
Адриен Моро, Жуди Чин жана Энн Мари Брэдли "Эң мыкты грим жана чач жасалга" номинациясында Даррен Аронофскийдин "Кит" тасмасында Брендан Фрейзердин образын жаратканы үчүн "Оскар" сыйлыгын алышты.
“Оскар” сыйлыгынын версиясы боюнча эң мыкты костюмдарды "Кара пантера: Ваканда түбөлүккө" тасмасынын жаратуучулары тигишкен.
“Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма” номинациясында Чарли Маккиси жана Мэттью Фрейддин “Бала, момолой, түлкү жана ат” тасмасы жеңүүчү деп табылды.
Ал эми эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма наамын Картики Гонсалвес менен Гунит Монга тарабынан тартылган “Пилдерди арбоочулар” тасмасы жеңип алды.
Эң мыкты адаптацияланган сценарий Сара Полинин “Аялдардын сүйлөшүүсү” тасмасы деп табылды.
“Топ Ган. Мэверик” эң мыкты үн үчүн статуэтка алды.
Тасма үчүн эң мыкты ыр “Революция жакындап баратат” (RRR: Рядом ревет революция) тасмасындагы Naatu Naatu аттуу ыр табылды. Музыкасы: М. М. Киравани, сөзү: Чандрабоуздуку.