Бишкектен баңгизат
жана курал-жарак кармаган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР ИИМинин
басма сөз кызматы билдирет.
Министрликтин
берген маалыматына караганда, Свердлов райондук ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери Чыгыш-5 кичи районунан Ленин РИИБинин кызматкерин кылтакка илишкен. Ал
баңгизатты сатууга аракет жасаган жеринен колго түшкөн. Анын жанынан
героин, атайын белгиленген 1100 доллар жана тапанча табылган.
Текшерүү учурунда
кармалган адам 2008-жылы ИИМ Академиясын аяктап, 2013-жылдын август айында
Ленин РИИБине кызматка киргени дайын болгон. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси көтөрүлүүдө.