Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, саат 11:23тө толугу менен өчүрүлдү. Кырсык саат 9:00дөр чамасында башталганы айтылды.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадан 134 жаран эвакуация болгонун кабарлаган болчу. Бирок ӨКМ 72 бейтап эвакуацияланганын билдирди. Ал эми жабыркагандар тууралуу маалымат катталбаганы айтылды.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгым такталууда.