Айыл чарба министрлиги: "Өлкөдө 1300 даана күнөскана иштеп жатат"

Республика боюнча 1300 даана күнөскана иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ал эми күнөсканалардын ээлеген аянты 173,6 гектар жерге жетти.

Облустар боюнча бөлүнүшү:

* Чүй облусу - 97 даана күнөскана, 68,8 гектар;

* Ысык-Көл облусу - 50 даана күнөскана, 2,4 гектар;

* Нарын облусу - 34 даана күнөскана, 13,9 гектар;

* Талас жергеси -10 даана күнөскана, 1 гектар;

* Ош облусу - 346 даана күнөскана, 49 гектар;

* Баткен облусу - 161 даана күнөскана, 4,9 гектар;

* Жалал-Абад облусу - 602 даана күнөскана, 33,6 гектар жерге жетти.

"Айыл чарбасында жаңы прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү максатында күнөсканалардын өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору аркылуу 2016-жылдан бери жеңилдетилген насыя берилип келет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан