Эртең, 14-мартта Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында түнкүсүн жаан-чачын жаайт. Күндүзү күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +1 … +6, күндүз +11 … +16,
Талас жергесинде түнкүсүн 0 … +5, күндүз +12 … +17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4 … +9, күндүз +17 … +22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 … +1, күндүз +8 … +13,
Нарын дубанында түнкүсүн -5 … -10, күндүз -4 … +1,
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3 … +5 , күндүз +14 … +16 градус болот.