Социалдык тармактарда Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанында мушташа кеткен кыздардын видеосу талкууга алынган. Ага катышкандардын бири модель Сусанна Егорян болгону айтылган.
Кадрда кыздарды белгисиз эркек киши ажыратууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Видеонун автору Сусанна Егорян ага кол салганын айтат.
Аталган окуя боюнча Ленин РИИБине 12-мартта саат 04:00 чамасында "Азия Молл" соода борборунун жанында кыздар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мушташтын катышуучуларынын бири 2004-жылы туулган К.З. аттуу жаран Ленин РИИБине жеткирилген. Анын айтымында, Е.С. экөөнүн ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, мушташка айланган, бирок патрулдук милиция келгенге чейин аны жөнгө салышканын айтып, арыз жазуудан баш тарткан.
Бул факты боюнча Е.С. жана К.З. аттуу жарандар Азия Молл соода борборунун жанында алардын денесине залал келтирген З. жана анын досторуна чара көрүү өтүнүчү менен арыз менен кайрылган. Ошондой эле мушташ учурунда Е.С. 45 миң сомдук бриллиант шакегин жоготконун айткан.
Мындан тышкары, К.М. аттуу жаран 12-март күнү саат 03:00 чамасында “Азия Моллдун” жанында денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кеткен кыздарга карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, керектүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, Сусанна Егорян 2017-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн “World Next Top Model” сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышары маалымдалган. Бирок сынак учурунда модель кыз сахнага Армениянын лентасы менен чыгып, коомчулуктун чоң талкуусуна калган.