Бишкектин Ленин райондук соту Алмазбек Исманкуловдун мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата ар-намысын, ишкердик беделин коргоо боюнча доо арызын токтотту. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, чечим 10-мартта кабыл алынган. Алмазбек Исманкулов 1 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруудан баш тартканы белгиленди.
Эске салсак, Көз микрохирургиясы ооруканасынын башчысы Алмазбек Исманкулов 2023-жылдын 9-апрелине чейин СИЗО-1ге киргизилген. Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине "Коррупция" беренеси боюнча иш козголгон.