Ички иштер министрлигинде иштеген улук прапорщик Саламат Орозакунов Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти.
Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, ММА турнири 2023-жылдын 7-мартынан 12-мартына чейин Таиланддын Бангкок шаарында өткөн.
Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери, милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов да катышкан. Бул турнирде Саламат Орозакунов 84 килограмм салмак категориясы боюнча чыгып, атаандашын жеңип, жеңүүчү аталды.