Баткенде наркы жарым миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды

Баткен облусунда наркы жарым миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында Б.Э. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 412 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Унааны текшерүү учурунда Тажикстандан чыгарылган 100 түрмөк өлчөмүндөгү изоляцияланган монтаждык кабелдер – товар табылган. Жүк бажылык тариздөөнү өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон. Кармалган товардын орточо базар баасы 560 миң сомду түзгөн.

Бул мыйзам бузуу тиешелүү органда каттоого алынып, материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан