15-марттан тарта Анталья-Бишкек-Анталья багыты боюнча туруктуу аба каттамы ачылат

15-марттан тарта Анталья-Бишкек-Анталья туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалым болгондой, каттамдарды түркиялык SouthWind Airlines компаниясы ишке ашырат. Учактар абага жумасына эки жолу: жума жана жекшемби күнү көтөрүлөт.

"SouthWind Airlines жарандарды ташуу боюнча Түркиядагы жаш компания. Ал жүргүнчүлөргө болушунча арзан тарифтерди сунуш кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан