Кытайлык дагы бир Loong Air авиакомпаниясы кийинки айдан тарта Сиань-Бишкек-Сиань каттамын ачууга даярдык көрүүдө. Бул туурасында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.
“Loong Air авиакомпаниясы менен сүйлөшүүлөр мурун эле болуп келген, бирок пандемиядан улам каттамдар жылдырылган. Алдын ала маалыматка ылайык, каттамдар 2023-жылдын апрель айынан тарта ачылат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 11-февралдан тарта ушул багыт боюнча China Southern Airlines компаниясы жарандарды ташый баштаган. Ал жумасына бир жолу: жекшемби күнү абага көтөрүлөт.