Токмокто 2009-жылы үйүнөн чыгып кеткен 55 жаштагы аял киши изделүүдө

Токмок шаарында мындан 14 жыл мурда өз үйүнөн чыгып кеткен аял киши изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, Ж.А. аттуу жаран Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызында ал 1968-жылы туулган эжеси Жусупова Тамара Болотовнаны издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Анын билдирүүсүндө, эжеси 2009-жылы 24-январда Токмоктогу Казакстан көчөсү №97 дарегиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Белгилери: бою 160-170 сантиметр, чачы ийинине чейин, өңү кара, арык денелүү. Ал сезонго жараша кийинип кеткен.

Урматтуу жарандар! Тамара Болотовнанын жүргөн жери боюнча маалыматыңыз болсо, 0312 607363, 03138 6-31-02, 0707419141, 0999777902 (издөө тобу) телефондор аркылуу байланышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан