Оскар-2023. 60 жылдык тарыхы бузулган “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи

Лос-Анжелестеги “Долби” театрында 95-ирет “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Маалыматка караганда, 2023-жылдагы негизги жаңылык кызыл килемдин жоктугу болду. Бул ирет атактуу коноктор шампан түстүү килемге сүрөткө түшүштү. Эмне үчүн Америка киноакадемиясы 60 жылдан бери келе жаткан салтты бузду? Жооп жөпжөнөкөй. Алар жөн гана жаңы нерселерге умтулууда.

Уюштуруучулар килем менен гана чектелип калбастан, быйылкы салтанатты ачык асман алдында эмес, жабык имараттын ичинде өткөрүүнү чечишкен.

Аземдин эң күтүлгөн учурларынын бири Рианнанын жандуу аткаруусу болду. Ырчы “Кара пантера: Ваканда түбөлүккө” тасмасындагы Lift Me Up ырын ырдаган. Рианна аткаруусун маркум актёр Чадвик Бозманга арнаганын айтат. Саундтрек “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн, бирок сыйлык “Революция жакындап баратат” тасмасындагы Naatu Naatu аттуу ырына ыйгарылган.

Рианна "Дүйнөдөгү эң сулуу айым - кош бойлуу айым" деген сөздү дагы бир ирет далилдеди өңдүү. Себеби 35 жаштагы ырчы сыйлык тапшыруу аземине кара булгаарыдан тигилген көйнөк кийип, көпчүлүктүн көз жоосун алды.

Жакында эле спирт ичимдиги жана баңгичилик менен күрөшүп жатканын айткан британиялык супермодель Кара Делевинь Эли Сааб шампан түстүү килемге кызыл көйнөк кийип келген.

Швед композитору Людвиг Йоранссон Рианна аткарган Lift Me Up ырын жазган авторлордун бири. Музыкант салтанатка гүл түрүндөгү аппликациялар менен кооздолгон кара костюм кийип катышты. Ошол эле учурда ал классикалык галстукту кадимки лентага алмаштырууну чечип, узун чачын эки өрүм кылып өрүп алган.

Актриса Николь Кидман киносыйлыкка Armani Privé брендинин пайеткасы бар кара жалтырак көйнөгү менен келди. Ал эми актрисанын жолдошу Кит сыйлык тапшыруу аземине Giorgio Armani брендин тандаган.

5 жыл мурун чыгармачылыктан алыстап кеткен кытайлык актриса Фань Бинбин, сахнага The Tony Ward коллекциясынын ачык жашыл түстөгү көйнөгү менен кайтып келди. Актрисанын чач жасалгасы менен макияжы 50-жылдардагы стилди эске салат.

Актриса Сальма Хайек өзүнүн сымбаттуу келбетин баса белгилеген кийими менен күйөрмандарын кайрадан кубантты. 56 жаштагы атактуу актриса италиялык Gucci мода үйүнүн сары түстөгү көйнөгү менен килемде жаркыраган.

Британиялык актриса Флоренс Пью салтанатка италиялык Valentino люкс брендинин кийими менен келди. 27 жаштагы атактуу жылдыз ачык боз түстөгү көйнөгү менен килемде сүрөткө түшкөн. Андан сырткары, актриса образын күмүш чынжыр жана Tiffany & Co компаниясынын сөйкөлөрү менен толуктаган.

2023-жыл актёр Педро Паскалдын карьерасындагы эң ийгиликтүү жылдардын бири болуп калды. “Мандалорц” телесериалынын жаңы сезону жана ал башкы ролду ойногон Last of Us сериалы мүмкүн болгон рейтингдердин биринчи саптарында турат. Сүймөнчүлүккө ээ болгон Паскаль "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземиндеги эң стилдүү мырза аталып, италиялык Zegna мода үйүнүн костюм жана көйнөгүн кийип талапкерлерге сыйлыктарын тапшырган. Актер галстуктан баш тартып, Bvlgari брендинин бир нече шакегин гана тагынган.

“Топ Ган 2: Мэверик” тасмасынын саундтреги "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Леди Гага аземге Донателла Версаченин көйнөгүн кийип келген. Versace шоусунда аталган образды коомчулукка тартуулаган модель Жижи Хадидден айырмаланып, ырчы кызыл помада менен ачык түстөгү макияжды тандаган. Аткаруучу образын 1950-жылдары жасалган Tiffany & Co зергер үйүнүн бриллианттары бар алтын мончок менен толуктаган.

Салтанатка 39 жаштагы актёр Эндрю Гарфилд Fendi мода үйүнүн кийими менен келди.

Австралиялык кинорежиссёр Баз Лурмандын жана сүрөтчү Кэтрин Мартиндин 19 жаштагы кызы Лилиан ата-энесин колдоо үчүн салтанатка келген. Апасы менен кызы килемге жаркыраган кийимдер менен чыгышты. Ал эми “Улуу Гэтсби” кинодрамасынын автору иш-чарага кара костюм тандап, аны баалуу таштары бар чоң медальон менен кооздогон.

"Блондинка" тасмасында Мэрилин Монронун ролун аткарган актриса Ана де Армас образынан чыга элек өңдүү. Себеби актриса дүйнөлүк жылдыздын образын кайталоого аракет кылган. Актриса атактуу француз Louis Vuitton мода үйүнүн дизайнерлери тарабынан жаратылган бермет түстөгү көйнөк менен эл алдына чыкты.

"Кол чабуулар" ыры "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон 29 жаштагы ырчы жана актриса София Карсондун чачы Одри Хепберндин стилинде жасалганын байкоого болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан