Таласта үй өрттөндү. Шектүү катары үй ээсинин күйөө баласы кармалды (окуянын чоо-жайы)

Талас облусунда башка бирөөнүн мүлкүн өрттөөгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын февраль айынын аягында Талас облусунун айылдарынын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылган. Ал белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаганын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүшкөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр зыянга учураган. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп ыкчам келишкен кошуналар өчүрүүгө киришишкен. Убагында кошуналар байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калышы толук ыктымал эле.

Милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди алып барышкан. Андан соң шектүүнү кармоо иш-чарасы Ысык-Көл районунун аймагында өткөрүлүп, ага Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери дагы тартылган.

Бул кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалды. Ал мурда көп жолу соттолгон, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Болжолдуу маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран Э.А. Талас районуна экөөнүн ортосунда чыккан уруштан улам жубайынын артынан барган. Анткени жубайы туугандарына келиши мүмкүн деп ойлогон.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар.

Кармалган жаран Талас РИИБге тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан