Түштүк Корея Түндүк Корея менен чогуу 2032-жылы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Корея 2032-жылы Түндүк Корея менен жайкы Олимпиада оюндарын биргелешип өткөрүү аракетинен баш тартат, анын ордуна өлкө төрт жылдан кийин, тагыраагы 2036-жылы Олимпиаданы өткөрүүгө талапкер болот.
"Тилекке каршы, бул идея кореялар аралык мамилелердин күтүлбөгөндүгүнөн улам ишке ашпай калды", - деген Сеул шаарынын мэри О Сэ Хун.
2021-жылдын апрель айында Түштүк Корея бийлиги Эл аралык Олимпиада комитетине (ЭОК) 2032-жылкы жайкы Олимпиада оюндарын Түндүк Корея менен бирге өткөрүү сунушун жөнөткөн. ЭОКтун президенти Томас Бах ал кездеги сунушту “тарыхый демилге” катары баалаган.