Ош шаарында милиция кызматкери улак тартыш оюнунан утуп алган унаасын милициянын нөөмөт бөлүмүнө берди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №3 милиция бөлүмүнүн начальниги, милициянын капитаны Асхат Субанов улуттук улак тартыш оюнунда ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа утуп алган. Ал уткан унаасын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө берди. Ал бул кадамын "Коомдук коопсуздукка кошкон салымым болсун" деп түшүндүрдү.
"Мен февраль айында кезектеги эмгектик эс алууда жүргөн учурумда улак тартыш улуттук оюндарына катышып, 2 унаа уттум. Ошол экөөнүн бирин өзүм иштеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө берүүнү чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы кубаттап, колдоп беришти", - деген Асхат Субанов.
Бул унаа эми Ош ШИИБнин карамагына өтүп, тиешелүү документ жана мамлекеттик номур ыйгарылат.