Чүйдүн Аламүдүн районунда 16 жаштагы кыз атасынын унаасын уурдап чыгып, кырсыкка кабылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Кабарлангандай, жол кырсыгы 11-март күнү саат 16:40тар чамасында Кашка-Суу айылында орун алган. Honda CRV унаасын башкарып бара жаткан 16 жаштагы өспүрүм рулду башкара албай калып, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган З.А. аттуу өспүрүм ошол жерден каза болгон. Мындан сырткары дагы төртөө жаракат алганы айтылды. Алар 2006-жылы туулган Э.А., С.М., А.А. жана М.А. экени белгилүү болду. Учурда алардын баары Бишкектеги №4 ооруканада дарыланып жатышат.
Рулдагы А.А. аттуу кыздын атасы милицияга кайрылып, ошол күнү кызы үйүнүн жанында токтоп турган унааны уруксатсыз классташ кыздары менен чогуу айдап кеткенин билдирген.
Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Чүй облустук башкармалыгы кырсык боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.