Ошто 5 жашар кыз жыгылып кетип бетине кайчы сайылып калды. Бул тууралуу Ош облустук бириккен ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 9-март күнү Кара-Суу районунун тургундары 5 жашар кызын алып келишкен. Кызга чукул түрдө кулак-тамак мурун бөлүмүнө жаткырылып, операциялык жардам көрсөтүлгөн.
"Наристе столдун үстүнө жыгылып түшкөндө колунда кайчы болгон. Кайчы оң жак жүзүнө 6-7 сантиметр сайылып калган. Азыркы учурда бейтаптын абалы жакшы, ооруканадан үйгө чыгууга даярдык көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.