"Бири 22 жашта". Ноокенде 5 жаран "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты

Ноокен районунун 5 тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Маалым болгондой, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен 1967-жылы туулган А.А., 1977-жылы туулган А.Т., 1978-жылы туулган Т.А., 1979-жылы туулган Ю.Р. жана 2000-жылы туулган Х.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан.

Алар мурда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.

УКМК тарабынан тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан