"Апа, мен "Оскар" алдым". Кинопремияда көзүнө жаш алган вьетнамдык актёр качкын болгонун эстеди

13-мартка караган түнү АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы “Долби” театрында “Оскар” сыйлыгынын 95-жолку сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Анда аземдин триумфатору болуп америкалык режиссёрлор Дэн Кван, Дэниэл Шайнерт тарткан “Баары, бардык жерде” тасмасы табылды. Тасма 7 номинация боюнча жеңишке жетишти.

Ал аземде көпчүлүктүн көңүлүн түбү вьетнамдык, учурда Америкада жашаган актёр Жонатан Ке Кван (Ке Хью Кван деп да аташат) бурду. Ал “Экинчи пландагы мыкты актер” номинациясын “Баары, бардык жерде” фильми үчүн жеңип алды. 30 жылдан ашуун убакыттан бери карьерада жолу болбогон актёр сүйүнгөнүнөн көзүнө жаш алды.

“Менин апам 80ден ашты. Азыр ал салтанатты түз берүүдөн көрүп жатат. Ага айткым келет: “Апа, мен “Оскарды” алдым. Менин жолум кайыкта башталган. Качкындар лагеринде бир жылдай болгон соң бир күнү Голливуддун эң чоң сахнасында өзүмдү таптым. Алар мындай окуялар бир гана кинодо болот дешти. А мен болсо, бул нерсе мени менен болгонуна ишенбей турам. Мына ушуну- америка кыялы десе болот”, - деди ал.

Вьетнамдык актёр Жонатан Ке Кван карьерасы башталган 1984-жылдан тарта 11 Голливуд кинолорунда ойногон. Ал эми дебюттук тасмасы боевик жанрындагы “Индиана Жонс жана Тагдырлар храмы (Храм Судьбы)” эле. Бул фильмге атактуу америкалык актёр Харрисон Форд менен тартылып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Кийинчерээк бир нече тасмаларга тартылып, ийгилик жолу болгон эмес. Карьерадан канча көңүлү калса да, кино талаасынан алыстабай жүрө берген актердун багын “Баары, бардык жерде” тасмасы ачкан. Ушул тасмадагы ролу үчүн актёр 10дон ашуун сыйлыкка ээ болгон.

“Индиана Жонс жана Тагдырлар храмы (Храм Судьбы)” тасмасындагы кичинекей бала эсиңиздеби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан