Актриса Динара Багышбаева операция жасатты. Бул тууралуу актрисанын социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу маалым болду.
Маалыматка караганда, актриса айым лазер менен өтүндөгү таштарды алдырган. Учурда ал Ош шаардык ооруканасында жатат.
Динара Багышбаева "Аяш", "Кайнене", "Бунт" жана башка тасмаларда роль жараткан. Андан сырткары, актриса күйөрмандарын ырчылык таланты менен дагы кубантып келет. Ал "Менин сүйүүм", "Жүрөк сыры", "Мен сени сагынгым келет", "Коштошуу" аттуу ырларды аткарган.