Алгачкы ирет "Оскар" сыйлыгын алган азиялык актриса Мишель Йео тууралуу кызыктар

60 жаштагы малайзиялык актриса Мишель Йео "Баары, бардык жерде" тасмасында ролу үчүн "Эң мыкты актриса" аталды. Ал “Оскар” сыйлыгынын тарыхында аталган статуэтканы алган дүйнөдөгү биринчи азиялык актриса катары тарых жаратты.

“Бул сыйлык мага окшогон бардык балдар жана кыздар үчүн мүмкүнчүлүктүн жарыгы жана кыялдарыңыздын орундалышынын далили болсун. Анан дагы ... Айымдар, “максатыңа жетчү курактан өтүп калдың” деген сөздөргө маани бербеңиздер. Эч качан багынбаңыздар”, - дейт Цео.

Интервьюлардын биринде актриса “Эгерде менин профессорлорумдун бирине: "Бир күнү Мишель атактуу актриса болот" деп айтышса, алар эч качан мындай болбойт деп акыркы долларын коюшмак. Сахнада реплика жаттап, монолог айтышым керек болгондо, жүрөгүмдүн соккону өзүмө угулчу. Мен сабактарды калтырганга аракет кылчумун”, - дейт.

Учурда популярдуулугу күндөн-күнгө артып жаткан актриса Мишель Йео Чу-Кхенг 1962-жылы 6-августта Малайзиянын Ипох шаарында искусстводон алыс үй-бүлөдө туулган. Ата-энеси Малайзияда төрөлгөн, бирок улуту боюнча кантондуктар (кытай элдеринин бири ). Атасы Йео Киан Тейк юрист, апасы Жанет Йео үй кожойкеси болгон.

Мишель өзүнүн тегине карабай кытайча жакшы сүйлөй албайт. Ал малайзия жана англис тилдерин жакшы билет.

Актрисанын апасы кызын катуу тартипте чоңойткон. Мишель өспүрүм курагында жигит менен биринчи жолугушууга апасы экөөбүз барганын айткан жайы бар.

Йеонун бала чактагы кыялы белгилүү балет бийчиси болуу эле. Андыктан, ата-энеси 15 жаштагы Мишелди, Англиядагы балет мектебине жиберишкен. Андан кийин окуусун Лондондогу Королдук бий академиясында уланткан.

Бирок, прима-балерина болуу жана өз өлкөсүндө өзүнүн балет мектебин ачуу кыялын омурткасынан алган жаракатынан улам таштоого туура келген. Мишель академияда калып, өзүнө такыр жакпаган хореография жана драмалык искусство тармагында окуй баштаган.

Ал өзү кыялданган адистик боюнча болбосо да, бий академиясын бүтүрүп, Малайзияга кайтып келген.

Үйүнө кайткан Мишель апасынан "Мисс Малайзия-1983" сулуулар сынагына катыша тургандыгын угат. Келечектеги актриса аталган сынакта жеңүүчү аталып, сыйлык катары Жеки Чан менен чогуу жарнамалык роликке тартылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Дал ушул жарнама Мишель Йеого кино тармагына жол ачат. Роликти тарткан D&B Films кинокомпаниясынын өкүлдөрү аны “Филин жана Слоненок” (1984) тасмасына тартылуу үчүн чакырышкан. Ошентип Мишель кино ааламына алгачкы ирет баш баккан.

Атактуу актриса тартылган тасмалардын тизмесинде; “Ооба, Мадам!”, “Ашынган бай азиаттар”, “Гейшанын эскерүүлөрү”, “Жеңил акчалар”, “Падышалык жоокерлер”, “Суперполиция”, “Эки жоокер” жана ага “Оскар” сыйлыгын алып келген “Баары, бардык жерде” тасмалары бар.

Ал эми Мишель Йеонун жеке жашоосуна токтолсок, актриса 1988-жылы кино карьерасы жаңыдан башталып жаткан кезде D&B Films кинокомпаниясынын жетекчиси Диксон Пунга турмушка чыгып, чыгармачылыкты таштоону чечкен. Актриса өзүн үй-бүлөсүнө арнап, сүйүүктүү жубай жана эне ролуна толугу менен кирип кетет. Бирок, үч жылдан кийин, Пун менен эки ажырым жолго түшкөн.

Актрисанын “мен балдарды абдан жакшы көрөм. Үй-бүлөлүү болууну кыялданчумун, тилекке каршы, бул мен үчүн эмес экен. Мен бир нерсе кылсам, өзүмдү толугу менен ошого багыштайм. Бала төрөп, карьерасын дагы таштабаган актрисаларга суктанам. Алар кантип баарына жетишет?”, - деген жайы бар.

2008-жылы Мишель Йео маектеринин биринде: "Мени жакшы көргөн, мен жакшы көргөн адамдар жана мен сүйгөн адам бар" деп айткан. Көп өтпөй актриса автожарыш дүйнөсүндөгү эң таасирдүү инсандардын бири деп аталган Ferrari Formula 1 компаниясынын мурдагы башкы директору Жан Тодтго турмушка чыгары белгилүү болгон.

Бирок Мишелдин тыгыз графигинен улам, түгөйлөр расмий түрдө үйлөнүшө элек. 2022-жылы актриса "Баары, бардык жерде" тасмасына тартылып жатканда Жан Тодт менен көптөн бери кечигип жаткан үйлөнүү тою тууралуу ойлонгонун айткан. Жылдыздын сүйүктүүсү андан 16 жаш улуу, бирок бул алардын бактысына эч кандай тоскоолдук кылбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан