Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 48 миң 448ге жетти. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Малатия провинциясында өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Сойлу жер титирөөдө каза болгондордун арасында 6 миң 660 чет элдиктин болгонун, алардын көбү сириялык экенин белгиледи. Министрдин айтымында, соттук-медициналык эксперттер 1615 адамдын өздүгүн тактап жатат. Алардын айрымдары чет элдиктер болсо айрымдары Түркиянын жарандары экени айтылды. Ал белгилегендей, өкмөт тарабынан жаратылыш кырсыгынан кийин жарандарга акчалай жардам көрсөтүү уланууда.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.
Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.
20-февралда Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.
27-февралда Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда жер силкинген.