Ысык-Көлдө 57 жаштагы жаран 15 килограмм баӊгизат менен кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 57 жаштагы жергиликтүү тургундан 15 килограммдан ашык марихуана баӊгизатын алышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга ыкчам маалымат түшүп, анда райондун айылдарынын тургунунун бири, үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү маалымдалган.

Анын алкагында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн жана жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын 57 жаштагы тургуну И.З. кармалган.

Шектүү жарандын үйүндө санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда сарайдын ичинен капка салынган жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган. Алынган далил заттын салмагы 15 килограммдан ашык болуп чыкты.

Райондук соттун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан