Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну дагы бир ирет сунуштайт.
"Дүйшөнбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарын киргизбей коюуда", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындай учурда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кийинки каттамды күтүүдө кошумча каржылык чыгымдар болот.
Маселе жаралган учурда Кыргызстандын жарандары Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылыш керек.