Жаздын келиши менен Оштун символу болгон Сулайман-Тоо көрккө бөлөнөт. Эң алгачкылардан болуп, тоодогу бадам, мисте, өрүк сыяктуу дарактар гүл ачып, ыйык жайдын көркүнө-көрк кошулат. Мында байчечекейден баштап көптөгөн кооз гүлдөрдүн түрүн кезиктирүүгө болот.
Бул кооздукка күбө болуу үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан эле эмес, башка өлкөдөн келгендер да жок эмес.
Сулайман-Тоодогу жаз фотограф Белек Мусаевдин көзү менен.